31-октябрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде “Zombie Walk 2” жана “Biohazard” аталышындагы флешмоб өткөрүлөт. Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чарада көңүл ачкан флешмоб, ар түрдүү шайтандарды элестетип кийинишкен катышуучулар менен сүрөткө түшүү жана сынактар болот.
Иш-чара жаштардын арасынан таланттуу аткаруучуларды алып чыгуу жана батыш мамлекеттеринин маданияты, искусствосу, музыкасы менен тааныштырууга багытталган.