Бүгүн, 31-октябрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде “Zombie Walk 2” жана “Biohazard” аталышындагы флешмоб өткөрүлдү. Иш-чарада беттерине ар түрдүү коркунучтуу жандыктардын элеси тартылган, түрү суук образдарды чагылдырган жаштар батыш мамлекеттеринин салттык майрамы болгон Хэллоуинди белгилешти. Бул флешмобдун жүрүшүндө катышуучулар көңүл ачкан сынактарга катышып, бийлеп, ырдап таланттарын көрсөтүштү.
Иш-чара жаштардын арасынан таланттуу аткаруучуларды алып чыгуу жана батыш мамлекеттеринин маданияты, искусствосу, музыкасы менен тааныштырууга багытталган.