Куудул, тамада, актёр, ырчы Эрнест Бөрүбаевге "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына билдирген Э.Бөрүбаев: “Мени бул сыйлыкка кыргыз киностудияларынын бири КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуштаптыр. Күтүүсүз жерден биринчи жолу мамлекеттик сыйлыкка арзыганыма кубанып жатам. Бул ишеничти актап, чыгармачылыкта жигердүү иштегенге аракет кылам”,- деди.