Ошто KG Эльмурат "Келинчек" аттуу лазердик шоу менен коштолгон жеке концертин берди

Өткөн аптанын соңунда, 1-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз улуттук драма театрында ырчы KG Эльмурат лазердик шоу менен коштолгон жеке концертин тартуулады. Көрүүчүлөр залдын 100 пайызын ээледи. 
Алгач азыркы жашообузда кездештирип жаткан терс көрүнүштөр, акырындык менен туура жолду таап кеткен учурлар тууралуу бий концерттин көшөгөсүн ачты. Кечеде KG Эльмуратты куттуктап сахналаштары Асел Касымова, Дайыр Исмадияров, Эдил, "Тамашоудогу" "No name" курамасынын жигиттери, "Step by step", "Дидар" бийчилер тобу чыгармачылыгын тартуулашты. Андан соң Эльмурат "Келинчегим" аттуу ырын аткарып жатканда моделдик агенттиктин ак көйнөк кийген кыздары чыга келишип, ырга көрк кошушту. 
Концерттин соңунда ырчы мындан бир жыл мурун каза болгон карындашына арнап "Карындашымдын элесине" деген ырды аткарганда залдагылардын баары көзүнө жаш алып, Эльмурат өзү да кармана алган жок. 
Айта кетсек, ал күнү KG Эльмураттын эмгегин баалагандар да болду. Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин Ардак грамотасы, республикалык радиолордун биринен 2013-2014-жылдардагы эң көп жаңырган жылдын популярдуу "Келинчек" ыры үчүн диплом менен сыйланды.
KG Эльмурат "келинчектери" менен сахнада
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gul-bibi9109
2014-11-03 17:33:06
Ой баралбай калдымда((((
0
Killerake
2014-11-03 17:35:00
Vau Sonun boluptur go. Iygilik.
0
jarkyn_jakta_jasha
2014-11-03 23:01:12
Онор оркундой берсин талыкпай издене бергин .Жылдыз оорусунан кудай озу сактасын
+1
burka
2014-11-04 09:56:30
концерт эн мыкты болду Ошто мындай концертти биринчи жолу корушум молодец Эльмурат ийгилик сага
+1
burka
2014-11-04 10:02:35
менмин деген ырчылар да Ошто бир дагы сахнаны жасаган эмес же Оштуктарга боло берет дейби тушунбойсун кызуууу чакырып алат озгочо болот деп барсан эле жасалгасы жок баякы баякы сахна да
+2
zoro21
2014-11-04 14:09:50
Элfm радиосунан берилди го,Ошто ЭЛфм эле берсе керек,бирок от души концерт болгон окшойт. Элмурат КЖ сизге ийгилик!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан