КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри
Алтынбек Максүтов Сочидеги сейил бакта орун алган
207 метр бийиктиктеги асма көпүрөдөн секирип, селфивидео жасады.
Баш айланткан бийиктиктен секирген министр SUPER.KG порталына бүгүн, 3-ноябрда буларды билдирди: "Жакында КМШ өлкөлөрүнүн Маданият министрлигинин башчыларынын жыйынына катыштым. Бул жыйындан соң биз Сочидеги эс алуучу жайлар менен тааныштык. Дүйнө жүзүндө 5 гана мындай бийик көпүрө болсо, Сочидеги мен секирген көпүрө алардын бири.
Биз ал жакка барганыбызда "Ким секирет?" деп сурашты. Мен "Министрлер секирип көрүштү беле?" деп сураганымда алар "жок" дешти. Анан министрлердин арасынан эң эле жашы мен болгондуктан, "мен секирем" дедим. Алар "башыңа кан куюлат, жүрөгүң жарылып өлөсүң" деп чочулашты. Мен болсо коркуу сезимимди жоюу үчүн секирдим. Ошентип, бийиктиктен секирген биринчи министр болдум. Жип кыскараак болгону менен, 3 эсе чоюлуп, жерге чейин жеттим. Чынын айтыш керек, абдан корктум. Бирок намыстанып, коркконумду билдирбедим. Секиригенден кийин коркуу сезими жоголду. Бул секирикти коомчулуктун көңүлүн маданиятка бурууга арнадым".
Өмүрүн тобокелге салып адреналин алган министрге эс алуучу жай "Бул кайраттуулук легендага айланат, ал эми өзү чексиздикке секирүү боюнча чемпион болууга татыйт" деп жазылган сертификат тапшырды.