КРнын Эмгек сиңирген артисти
Асел Турдалиевага "Билим берүүнүн отличниги" наамы тапшырылды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 4-ноябрда
SUPER.KG порталына билдирди.
"Менин билим берүү жаатында да эмгектенип келатканыма 15 жылдын жүзү болду. Чыгармачылык менен мугалимдик кесипти бирдей алып кетүү абдан оор. Эмгегим бааланып, бул сыйлыктын тапшырылганы өтө жагымдуу болду. Менин даражам дагы бир тепкичке жогорулап, чоң стимул алдым. Буюрса, бир гана искусство тармагына эмес, илим, билим берүү түзүмүнө салым кошуу максатында талыкпай эмгектене бермекчимин",- дейт кубанган Асел Турдалиева.
Кошумчалай кетсек, ырчы Юлия Руцкаяга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылганы маалым болду.