4-ноябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Согуш курмандыктардын көзү менен” аталышындагы көргөзмөнүн бет ачары болду. Көргөзмө Кыргызстандагы Швейцариянын элчилиги менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин ишмердүүлүгүнүн 150 жылдыгына арналат.
Анда швейцариялык фотосүрөтчү
Жан Мордун куралдуу чыр-чатактан жапа чеккен адамдардын азабы чагылдырылган эмгектери коюлду. Көбүнчө Палестина, Кипр жана Африкадагы окуяларда тартылган сүрөттөр орун алган. Ошондой эле Иран, Пакистан, Никарагуадагы согушту башынан кечирген адамдардын көйгөйү көрсөтүлдү.
Фотосүрөт көргөзмөсү төрт тематика боюнча классификацияланган: "Сүргүндөгү портреттер", "Балдардын диаспорасы", "Убактылуу пейзаждар" жана "Жашоо уланууда".
Жан Мор - сезимдүүлүк менен тактыкты, ой жүгүртүү менен эмоцияны, искусство менен документалдык далилдерди чеберчилик менен айкалыштырган гуманисттик фотосүрөтчүлөрдүн бири. Анын сүрөттөрү өткүр сезгичтиги, жабыркагандардын кадырын урматтаганы менен белгилүү. Сүрөтчүнүн 80ден ашуун көргөзмөсү дүйнө жүзүндө көрсөтүлгөн. Көргөзмө 14-ноябрга чейин уланат.