Актёр, куудул
Марат Жанталиевге "Нарын облусунун ардактуу атуулу" наамы тапшырылды. Бул тууралуу Марат мырза
SUPER.KG порталына бүгүн, 5-ноябрда билдирди.
"Жыл сайын айылга чөп чапканы барам. Ушул жылы жайында талаада чөп чаап жүрсөм, айыл өкмөтүнүн башчысы келип "Сага сунуш бар. Сени "Нарын облусунун ардактуу атуулу" сыйлыгына көрсөтүп жатабыз, аласыңбы?" дейт. Мен болсо "берсеңер эле мен эмнеге албай коймок элем, алам да" дедим. Ошентип, Нарын өкүлчүлүгүнө барганыбызда облус башчысы жыйын өткөрүп, "Бул киши Нарындан чыккан талант, эл оозуна алынып, жерибизди таанытып жүрөт, ошондуктан "Облустун ардактуу атуулу" наамын алганга татыктуу" деп айткан сөзүн жергиликтүү парламент да колдоого алды. Ошол жерден эле буйрукка кол коюлуп, жөнөтүлдү. Жакында барып сыйлыгымды колума алдым, медалы, күбөлүгү, акчасы бар экен. Ушул наамды күтүүсүз жерден алганыма кудуңдап, сүйүнүп жүрөм. Үйдөгүлөр "Ушу наамга татыктуусуңбу?" дешет, а мен "берип жаткандан кийин татыктуумун да" деп тамашалашып калабыз",- дейт кубанган Марат Жанталиев.