6-ноябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде КРнын Сүрөтчүлөр союзунун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмөнүн бет ачары орун алат. Аталган музейден билдиришкендей, көргөзмөдөн өлкөнүн чыгаан сүрөт чеберлеринин живопись, графика, скульптура жана кол өнөрчүлүк боюнча эмгектерин көрүүгө болот.
"Кыргызстандагы сүрөтчүлөр ар кайсы жаатта жана искусствонун ар түрдүү багытында иш алып барышкандыктан, алардын чыгармачылыгы көп кырдуу. Бирок көп түрдүүлүккө карабай сүрөтчүлөр чеберчиликтин башатына, реалисттүү методго кайтууну салт катары сактап алышкан",- деп билдиришет аталган музейден.
КРнын Сүрөтчүлөр союзу мындан 80 жыл мурун, 1934-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ал эми ошол эле белгиленген жылдын 8-ноябрь күнү биринчи республикалык сүрөт көргөзмөсү ачылган. 1935-жылы 1-январда Эмен багындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясы алгачкы көрүүчүлөрдү кабыл ала баштаган.