Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде КРнын Сүрөтчүлөр союзунун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмөнүн бет ачары орун алды. Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, сүрөтчүлөр, студенттер катышты. Көргөзмөгө өлкөнүн көптөгөн чыгаан сүрөт чеберлеринин живопись, графика, скульптура жана кол өнөрчүлүк боюнча эмгектери коюлду.
"Мындай чоң көргөзмө да республикадагы бардык сүрөтчүлөрдүн эмгектерин батыра албайт. Эң башкысы, көрүүчүлөр көргөзмөдөн биздин көркөм сүрөт искусство мектеби салтыбызга болгон сый-урмат, эл аралык атак-даңк, гумандуулук, мекенчилдик жана күчтүү жарандык позиция экенин көрө алышат",- деп билдирет аталган музейдин директору Ю.Шыгаев.
КРнын Сүрөтчүлөр союзу мындан 80 жыл мурун, 1934-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ал эми ошол эле белгиленген жылдын 8-ноябрь күнү биринчи республикалык сүрөт көргөзмөсү ачылган. 1935-жылы 1-январда Эмен багындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясы алгачкы көрүүчүлөрдү кабыл ала баштаган.