Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун азербайжан тилине которулган чыгармалар жыйнагынын бет ачары болду. КРнын Тышкы иштер министрлигинен бүгүн, 10-ноябрда билдиришкендей, иш-чарада кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгы бийик экени белгиленди. Муну менен катар анын чыгармасы азербайжан тилине бийик деңгээлде которулганы айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Азербайжан Эл жазуучу А.Рзаевди Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болгону менен куттукташты. Маалым болгондой, бул сыйлык ага 10-ноябрда Москвада тапшырылат.
Аземге Азербайжан Эл жазуучу А.Рзаев, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин директорунун орун басары Т.Турсункулов, котормонун авторлору И.Илясли, Т.Гулиев жана башкалар катышышты.