Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрынын артисттери биринчи жолу Ош шаарына гастролдоп барышат

19-ноябрда А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын артисттери биринчи жолу Ош шаарына гастролдук иш сапары менен барышат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Гастроль С.Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өткөрүлөт. Программада опера жана балет искусствосунун кыргыз, орус жана дүйнөлүк классикалык чыгармалары камтылган. 

Аталган театрдын сахнасында белгилүү опералык ырчылар Медияна Байитова, Эрмек Мараимов, Ангелика Бекмуратова, Алмазбек Истамбаев, Кундуз Карыппаева, Тилек Найманбаев жана Азирек Момуновалар обон созушат. Ал эми балет өнөрүн КРнын Эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов жана Гүлайым Садыбакасова көрсөтүшөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан