Бишкекте Күмөндөр Абылов жана "Жоролордун" жигиттери күйөрмандарын күлкүгө бөлөштү

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул Күмөндөр Абылов жана “Жоролор” куудулдар тобу биргеликте концерт беришти. “Күмөндөрдүн күлкүсү жана "Жоролордун" жоруктары” аталышындагы концерт 1 саат кечигип башталып, көрүүчүлөр залдын 70 пайызын ээлешти. Ыр-күлкү коштолгон кечеде Күмөндөр Абылов менен “Жоролор” тобунун мырзалары күлкүгө суусап келишкен күйөрмандарын боорду эзген тамашалары менен сугарышты. Күмөндөр Абылов кыргыз жана кыпчак тилдүү элдердин элдик оозеки чыгармаларында кенен таралган акылдуу, айлакер Алдар көсөнүн образын жаратса, "Жоролор" тобунун жигиттери ага алданган, пайда издеген соодагерлер болушту. Ал эми куудул Бакыт Мукул сараң байдын ролун аткарды. 

Концертте сөзү-обону Күмөндөр Абыловго таандык ырларды КРнын Эмгек сиңирген артисти Токтобүбү Черикчиева, ырчылар Тилекгүл Абылова, Алмаз Касмалиев, "Чоро" тобу аткарып беришти. Кеченин 80 пайызын күлкү номерлери түзүп, ал эки жарым саатка созулду. 

“Күмөндөрдүн күлкүсү жана "Жоролордун" жоруктары”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aku
2014-11-12 23:35:14
Эртен да болот беле?
+2
isaasa
2014-11-12 23:51:12
Кумондор Абылов мага аябай жагат.талантыныз ташкындай берсин.кудай сизге талантты аянбай берген.коп жашаныз.
+6
raxatka
2014-11-13 00:45:40
Ушул жоролор тобу эч эле жага бербейт! Таланттуу деп эсептебейм.
0
kama_future_millioner
2014-11-13 02:49:15
Көч бара бара оңолот ийгилик
+1
Aipri
2014-11-13 09:57:28
Концерт соонун отту. Негизи Абыловдор мыктысынар.
+3
nasi81
2014-11-13 10:44:23
Онорунор оркундой берсин!
0
kg.sity93
2014-11-13 12:08:22
Жоролор тобу жакшы эле.талантту го..парадиялары мыкты, мага жагат. Кумондор Абыловко узун омур тилейм жана чыгармачылык ийгилик..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан