Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде “Карт бойдок-2. Шапа 007 агенттиги” аталышындагы үй-бүлөлүк лирикалуу тасмасынын бет ачар аземи болду. Кыргыз кинокомедиясынын катарын толуктаган бул фильмге Акжол Бекболотов режиссёрлук кылса, идеясы Съездбек Искеналиевге таандык.
Аталган тасмада башкы ролдорду актёрлор Адилет Усубалиев, Айсулуу Маликова жана Гүлмира Турсунбаева жаратышкан. Ошондой эле бул фильмден КРнын Эмгек сиңирген артисттери Жаркын Балыкбаева, Асылбек Өзүбеков, актёрлор Марат Козукеев, Камчы Сарыбаев, актрисалар Таалайкан Абазова, Алиман Дүйшеналиеваны көрүүгө болот.
Кыргыз тасмаларына продюсерлик кылып келген Съездбек Искеналиев тасма тууралуу: “Бул “Карт бойдок” тасмасынын уландысы. Жар издеген түгөйлөрдү табыштыруу максатында Шапа аттуу айым атайын үйлөнүү агенттигин ачып иш алып барат. Башкы каармандар болсо карьераны биринчи планга коюшкан бойдок кыз менен жигит. Буларды Шапа айымдын агенттиги тааныштырып, алардын махабат баяны башталат. Бул тасма менен жаштарга биринчи орунда үй-бүлө экенин жеткирүүнү максат кылдык”,- дейт.