Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү “Эмгек сиңирген кол өнөрчү” наамын киргизүүнү суранышууда

Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнө алардын жетишкендиктерине карап “КРнын Эмгек сиңирген кол өнөрчүсү” сыяктуу наам берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда маалымат жыйынында Баткен облусу боюнча Кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Анаркан Турдубаева билдирди. Айтымында, чеберлерди өлкөдө улуттук маданий иш-чараларда гана эстешет. Ал эми уздар Кыргызстанда өзүнүн арабасын өзү тартып келишет. “Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү Кытай жана Индия мамлекеттеринде өткөрүлгөн фестивалдарга, көргөзмөлөргө катышып келишет. Аларда “Эмгек сиңирген кол өнөрчү” наамы берилет. Бизде дагы ушул наам киргизилиши керек, анткени кол өнөрчүлөр да өлкөнүн маданиятын дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүшөт. Ошондуктан өкмөт бизди (ред. - Кол өнөрчүлөр кеңешин) КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каратып берүүсүн сурайбыз. Андан тышкары ата-бабадан калган мурасты, салтты, маданиятты өнүктүрүү жана жайылтуу максатында эмгектерибизди туристтерге, жергиликтүү тургундарга көрсөтүү үчүн Кол өнөрчүлөр борборун ачып берүүсүн каалайбыз”,- дейт Анаркан Турдубаева

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан