16-ноябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы Гүлнур Асанова алгачкы жолу жеке концертин берди. Алып баруучулук тизгинди Алмаз Касымалиев жана Элмара Турсуналиева башкарышкан кечеде алгач Гүлнур Асанованын балалыгын, чыгармачылык жолун чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан соң ырчы “Теңир-Тоо” ансамблинин коштоосунда “Карагул ботом” чыгармасын аткарып, көрүүчүлөрдүн коштоосуна арзыды. Бул кечеде ал комузда кол ойнотуп, фольклордук, эстрадалык багытта обон созду. Анын ар бир чыгармасын “Керемет”, “Ханыша”, “Виктория”, “Шаттык” бий топторунун бийчилери коштоп турушту. Гүлнур Асанованы КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова жана ырчы Аскат Мусабеков куттуктап ыр сунушту.
Г.Асанова жеке концертинде көптөгөн сыйлыктарга арзыды. Алсак, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Андан тышкары "Түрксой" Эл аралык уюму уюштурган фестивалдарда кыргыз маданиятын жайылтууга салым кошкону үчүн аталган уюмдун өкүлү атайын төш белги такты (сыйлык Токтогул Сатылгановдун атын алып жүрөт). Мындан сырткары КРнын Өкмөтүнүн жана КРнын Президентинин Иш башкармалыгынын Ардак грамотасы, "Түрксой" Эл аралык уюмунун 20 жылдык алтын медалы тапшырылды. Ошондой эле ырчыны КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана башка министрликтердин өкүлдөрү куттуктап өтүштү.
Биринчи жолу жеке концертин ийгиликтүү берип алган Г.Асанова: “Мен бул күндү көпкө күткөм. Чыгармачылыктын казанында 8 жылдан бери кайнап, тажрыйба топтоп, кыялымды орундатып алганыма сүйүнүп жатам. Жеке концерт берүү оңой эмес, ал көптөгөн каражатты талап кылат. Менин бул концертимди колдогон бир тууган эжеме ыраазычылыгымды билдирем”,- дейт.