Ош. 9 ай аралыгында 20 муниципалдык унаа токтоочу жайдан 1 миллион 300 миң сомдон ашуун каражат чогултулду

Ошто 2014-жылдын алгачкы 9 ай аралыгында 20 муниципалдык унаа токтоочу жайдан 1 миллион 331 509 сом акча каражаты чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Ош шаарынын Унаа токтоочу жайлар, автопарктар дирекциясынын жетекчиси Талант Татаров билдирди.

Өткөн жылы жалпы шаар аймагында 28 муниципалдык унаа токтотуучу жай иштеген. Бирок 8 унаа токтоочу жай шаардын инфратүзүмүн өнүктүрүү, борбордук базарга өтмө жолду кеңейтүү максатында жоюлду. 2014-жылдын 9 ай аралыгында 20 унаа токтотуучу жайдан 1 миллион 331 509 сом жыйналды. Ал эми 2013-жылы 28 муниципалдык унаа токтотуучу жайдан 1 миллион 392 320 сом чогулган болчу”,- дейт Т.Татаров.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү 9 ай аралыгында унаа токтотуучу жайлардан жыйналган каражаттын эсебинен шаардык бюджетке 666 520 сом бөлүнгөн. Ал эми 2013-жылы 28 унаа токтотуучу жайдан бюджетке 660 миң сом которулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurgiza03
2014-11-18 01:50:26
1 милион эмес 100 миллион чогулса дагы,элге еки тыйын пайдасы жок,биздин атка минерлерибиз тойгондо мамлекетке пайда келиши мумкун,азырынча чогулган акчаны чогулуп болуп кетишет...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан