Эгер 2005-жылы экстремисттик кылмыштарды аткарган аялдардын үлүшү 1,1 пайызды түзсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 23 пайызга өстү. Бул тууралуу КРнын ИИМинин басма сөз кызматы анализге таянып билдирди.
Маалым болгондой, быйыл жазда милиция тарабынан өткөрүлгөн операциянын жүрүшүндө Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жергиликтүү диний экстремисттик топтун активдүү катышуучуcу катары 6 аял кармалган. "Экстремисттер орто жашаган үй-бүлөлөрдөгү жумушсуз кыздарды тартышат. Мындан тышкары алар начар абалда жашаган, туугандары тарабынан колдоого ээ болбогон айымдарды да өз уюмдарына кошууга аракет кылышат. Аялдар үчүн салттуу ислам боюнча атайын китептер жок болгондуктан, аларды экстремисттик топторго алдоо жолу менен тартууга жеңилдик жаратат",- деп билдирет ИИМ.