Ош шаарында бүгүн, 18-ноябрда эстакадалык көпүрөнүн курулушунун 2-этабы башталып, ага капсула салуу аземи өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага КРнын 1-вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана шаар тургундары катышмакчы.
Маалым болгондой, эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштеринин 1-этабында жер астындагы жана үстүндөгү коммуникация түтүктөрүн жылдыруу иштери толугу менен аяктаган. Ошондой эле курулуш иштеринин 2-этабын баштоо үчүн тендер жарыяланган. Ага 5 курулуш компаниясы катышып, анын ичинен эки ишканадан турган консорциум тандалды.
Белгилүү болгондой, эстакадалык көпүрөнүн экинчи этабынын курулуш иштерине республикалык бюджеттен 320 миллион сом бөлүнгөн.Эске салсак, буга чейин көпүрөнүн курулуш иштери сентябрь айынын аягында башталары айтылып келген.