Бүгүн Ошто мектеп мугалимдери интерактивдүү усулдарды пайдаланып окуучуларга ачык сабактарды өтүшөт

Бүгүн, 19-ноябрь күнү Ош шаарындагы №48-мектепте “Окутуунун интерактивдүү усулдарын пайдалануунун айрым жолдору” деген темада семинар болот. Анда мектеп мугалимдери интерактивдүү усулдарды пайдаланып окуучуларга ачык сабактарды өтүшөт. Ага кошумча окуучулар аскерге чейинки даярдык сабагынан машыгууларды көрсөтүшөт. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, семинар Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана калаадагы мектеп директорлорунун катышуусунда өтүп, аягында өтүлгөн иш-чаралар жөнүндө талкуу жүргүзүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан