Өлкө аймагында 80 миңге чукул жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды

20-октябрдан 17-ноябрга чейинки аралыкта өлкө боюнча 80 миңге чукул жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта жалпысынан 693 каттоо пункту ачылып, 78 031 жарандын маалыматы чогултулган. Ал эми 53 каттоо пункту иштеп жаткан Бишкек шаарында каттоо иштери башталган күндөн бери 40 072 жаран маалыматтарын тапшырган.

Кошумчалай кетсек, биометрикалык маалыматтарды чогултуу Бишкек, Ош шаарларында жана бардык облустарда кызуу жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан