Ысык-Көл облусундагы жер титирөөнүн кесепеттери боюнча 2314 арыз түшкөн. Учурда 1540 турак үй жана 44 социалдык объект текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн кесепетинен 513 турак үй жана 14 социалдык объект 1-даражада, 715 турак үй жана 18 социалдык объект 2-даражада, 172 турак үй жана 12 социалдык объект 3-даражада, 109 турак үй 4-даражада жабыр тарткан. Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин улантууда.