Маданият министрлигинин өкүлү: "Эл аралык деңгээлдерде өтүүчү сулуулар сынактарына Кыргызстандын катышуусу зарыл"

Бүгүн, 19-ноябрда маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Марлен Соляной: "Дүйнөлүк жана эл аралык деңгээлде өтүүчү сулуулар сынактарына Кыргызстандын катышуусу зарыл. Себеби андай сынактар аркылуу өлкөбүзгө ар түрдүү инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүктөргө ээ болобуз",- деп билдирди.

“Кыргызстан азыркы учурда оор абалда турат, анын үстүнө чечилбеген көйгөйлөр да көп. Ал эми ар кандай эл аралык же дүйнөлүк деңгээлде өтүүчү сынактарда Кыргызстандын желегинин желбиреши чет элдик инвестицияларга жол ачышы мүмкүн. Ал нерсе дүйнөгө биздин өлкөнүн атын гана эмес, анын өнүгүүсүнө да өбөлгө болушу толук ыктымал”,- дейт М.Соляной

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан