Оштогу эстакадалык көпүрөгө Владимир Путиндин ысымын берүү демилгеси көтөрүлдү

Ош шаарындагы салынып жаткан эстакадалык көпүрөгө Орусиянын президенти Владимир Путиндин ысымын берсек да болот. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда SUPER.KG порталына Ош шаардык кеңешинин депутаты Талант Капаров билдирди. 
Маалым болгондой, бүгүн Ош шаарында шаардык кеңештин депутаттарынын жыйыны өткөн. Анда шаардык кеңеш эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча мэриянын маалыматын укту.
Салынып жаткан көпүрө Орусиядан келген гранттын негизинде курулууда. Мындан улам биз ага Владимир Путиндин ысымын ыйгарып койсок да болот. Ал өз өлкөсүн көптөн бери башкарып келет. Анын кылган иштери өлкөсүн гүлдөтүп жатканына өзүбүз деле күбөбүз. Көпүрөнү Путиндей мыкты адамдын атынан атасак жаман болбос, бул кадамды ал бизге берилген жардамдарына ыраазычылык катары кабыл алат деген ойдомун”,- дейт Т.Капаров.   
Эске салсак, 18-ноябрдан тарта эстакадалык көпүрөнүн курулушунун экинчи этабы башталды. Ага Орусиядан келген гранттын негизинде акча бөлүнгөн.
“Көпүрөнүн курулуш иштерине салынган Орусиянын каражатынын салымы чоң, эгер анын курулуш иштери эртерээк аягына чыкса, шаар ичиндеги унаалардын тыгын маселеси чечилип калат эле”,- деп кошумчалайт Т.Капаров.   

Буга чейин белгилүү болгондой, Навои көчөсүндөгү Ак-Буура суусу аркылуу өтө турган көпүрөнүн курулуш иштеринин суммасы 699 миллион сомду түзүүдө. Ал эми шаарды экс-мэр Мелис Мырзакматов жетектөө учурунда анын суммасы 800 миллион сомду түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (75)
nurik92
2014-11-20 02:43:39
kaparov padhalimdenip koiup jatat bolboit andai...jakwy bir kyrgyzdyn gana aty koiuluw kk....800 million tuzgon bolso melis ozu tapmak azyrkylarga okwop azaitkany az kelgensip rossiadan karyz alyp jardam surap eh eh bilik toiboi atatko
+1
ak-buura
2014-11-20 03:19:28
Коп тукурсо кол болот деген ушул
-1
nabi89
2014-11-20 03:44:32
Суймонкул чокморов ду койсонор кыргыздын эле жигиттерин атын каяктагы аттарды таап албай путинге келсек эртен акчасын сурайт куну келип жештин кусушу да бар
+1
Manasemetei
2014-11-20 03:57:28
Putin azamat birok.men karwy emesmin.
-3
Sanjaraka
2014-11-20 04:04:27
Кошоматчылык!
+3
danyshman
2014-11-20 04:23:29
Туула элек торпоко нокто тикбей,биринчи жакшы,сапаттуу бутургулочу.бутбой жатып ар кошоматтын башын бир айтбай.Талант мырза,Путин идеал туткан адамыныз болсо,башка жол менен билдирин копурого кошбой.
+1
Nursss_Real_Madrid
2014-11-20 08:30:25
Туптуура койсо болот. Силер жардам бербегенден кийин кыйкырбайле койгула
-5
Beksultan01
2014-11-20 08:34:02
Мелис Мырзакматовдун атын ыйгаргыла.!
+4
belosnejka1
2014-11-20 21:11:56
Beksultan01, эн туура айттыныз. Мелис баштаган копурого Мелистин аты ыйгарылыш керек!
-1
femidakg
2014-11-20 09:08:03
Путин чыгаан саясатчы, бирок мынчалык эле кошоматчылыктын кереги жок да! Ошол эстакадалык көпүрөөү куруу демилгесин Мырзакматов көтөргөн. Ошол учурда ойлоптурбу азыркы бийликтегилер көпүрөө куруу демилгесин. Даярдап койгон ашка ээ чыгышып. Мырзакматов болгондо качан бүтмөк! Адан көрө кыргыздын чыгаан баатырларынын аттарынан коюшса болот да.
+2
_KipchaK_
2014-11-20 09:33:38
Пахта коерлор! Олко онугуусуно салымын кошкон кыргыздын деле уулдары толтура турат го бай болгурлар. И.Раззаков, Ч.Айтматов, А.Масалиев ж.б.
+1
yzyldabagyla
2014-11-20 13:37:11
Не дешинди деле билбей каласын мындай нерсени уканда биротоло ош шаары емес путин Шаары деп койбойсунарбы а копурону атын болсо Владимир медведов деп койгула ошондр болот
+2
shiko
2014-11-20 14:59:33
Кошоматчылар
+2
kaniet
2014-11-20 20:46:24
Кошоматтын да чеги болот, арынар барбы деги кыргыздын аткаминерлери, бок барбы ат коюп, лучше бутургуло, Путин грант болгон болсо, РФга кыргыздар канча нерсесин берип жиберди, канча кыргыз алар учун эмгектенип жатышат, э башынарга
0
belosnejka1
2014-11-20 21:08:35
Эптеп акча экономдоп курган копуронор тушуп кетип Путин акебиз капа болуп журбосун...
-1
danyshman
2014-11-20 22:10:47
Кимдин атын ыйгарбагыла,эл учун ал копуро Мелистин ысымын эске салган копуро болот.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан