Мурунку баңги: "Бүгүнкү күнү баңгизатты табуу оңой болуп калды"

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан баңгизат колдонуучуларынын биринчи форумунда "Кыргызстанда зыянды төмөндөтүү тармагы" ассоциациясынын аткаруучу директору Мадина Токтогулова өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
"1997-2000-жылдары мен баңгизаттарды ийне аркылуу колдончумун. Ал кезде баңгизат табуу бүгүнкүгө салыштырмалуу оор болгон. Керектүү адамдар менен жолугушууга башка жерге барыш керек эле. Ал эми учурда баңгизаттарды өздөрү алып келип беришет. Мурда героин, апийим көп колдонулса, бүгүнкү күнү жаштар арасында дары (таблетка) сыяктуу баңгизат көп колдонулууда. Мунун себеби - анын арзандыгы",- деди Токтогулова.
Мындан тышкары ал баңгизат колдонуучуларынын санын азайтууда мамлекет жана бейөкмөт уюмдардын ортосунда тыгыз мамиледе иш жүргүзүү болбой жаткандыгын баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
semakg
2014-11-24 12:24:06
Тушунбодум. Ошондо суроттогу М.Токтогулова бангизат колдонобу?
0
Nursss_Real_Madrid
2014-11-24 12:35:13
semakg, мурда колдончу экен
0
Biinura
2014-11-24 14:00:48
Бывших наркоманов не бывает.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан