Өлкөдө өпкө оорулары менен жабыркагандардын саны расмий статистикадан бир топко көп

Бишкекте бүгүн, 24-ноябрда өпкө дарты менен күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленүүдө. Ушуга байланыштуу бир катар иш-чаралар уюштурулуп жатат. Өлкөдө өпкө оорулары менен жабыркагандардын саны расмий статистикадан бир топко көп. Бул тууралуу маалымат Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта айтылат. 
Маалыматка ылайык, аталган дартка чалдыккандардын басымдуу бөлүгү бул илдетке кабылганын билбей жүргөндүктөн, расмий каттоодогуларга караганда факты боюнча сандар бир нече эсеге көп. Бул жыйынтык адистер тарабынан атайын жүргүзүлгөн сурамжылоодон кийин белгилүү болгон.

Өпкөнүн оорулары негизинен тамеки чегүү, аллергия сыяктуу факторлордон улам өрчүйт. Белгилүү болгондой, өпкөсүн текшертүүнү каалагандар үчүн бүгүн борбордогу соода борборлорунун биринде акция уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан