Ысык-Көл облустук китепканасына Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манас” эпосунун варианты тапшырылды

Бүгүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдында басылып чыккан Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей” эпосторунун бет ачары болуп, Жусуп Мамайдын варианты облустук китепканага тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара 2012-жылы “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча “Манас” 2012-2017-жылдар аралыгында” улуттук программасы кабыл алынган. 2013-жылдын 30-апрелинде КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө” жарлыгынын негизинде жарыкка чыккан “Манас” эпосунун Жусуп Мамай вариантынын сегиздиги республиканын бардык облустарына тапшырылууда.

Программанын координатору Чолпон Субакожоева: “Кыргызстандык окурмандар буга чейин "Манас" эпосун үчилтик катары таанып келишкен болсо, эми дүйнө жүзүнө таанымал болгон залкар манасчы Жусуп Мамайдын вариантындагы "Манас" эпосунун сегиздигин окууга мүмкүнчүлүк алышат. Окурмандар эми бул китептердин электрондук вариантын да окуй алышат”,- деп билдирди. Ошондой эле ал Жусуп Мамайдын вариантын кагаз жүзүнө түшүрүү үчүн окуганга 6 айдан ашык убакыт кеткенин белгилеп өттү. Ысык-Көл облусундагы К.Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университетине сегиз тому тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан