Бүгүн, 24-ноябрда
Өпкөнүн өнөкөт оорусу (ХОБЛ) менен күрөшүү күнүнө карата Бишкектеги соода дүкөндөрүнүн биринде өпкөнү текшерүү боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чара саат 16:30дан 20:00гө чейин уланат. Жарандар өз ыктыяры менен анализдерин тапшырышты. Учурдан пайдаланып
SUPER.KG порталынын кабарчысы да өпкөсүн текшертип чыкты.
Алгач бейтап аты-жөнүн, өпкөгө таасир келтирчү заттар жана өпкө оорулары тууралуу маалыматты айтат. Андан соң ал спирометрге (өпкөдөн чыккан абанын көлөмүн өлчөөчү жабдуу) толук күч менен үйлөшү зарыл. Пульмонологдордун айтымында, эгер бейтаптын көрсөткүчү 80 пайызга жетпесе, ага тиешелүү медициналык мекемеге багыт берилет.
SUPER.KG'нин
кабарчысынын көрсөткүчү 98 пайыз болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронкуловдун айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты - өпкө ооруларынын алдын алуу жана бул маселеге көңүл буруу. "Дүйнөдө 600 миллион адамда өпкөнүн өнөкөт обструктивдик оорусу бар. Алардын көбү 40 жаштан жогоркулар. Кыргызстанда да бул илдет көйгөйлүү",- деди Сооронкулов.