Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында курамында 18 адамдан турган топ товардык-материалдык баалуулуктарды алып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 24-ноябрда аталган топ Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районуна жетип, экспедиция 2 тарапка бөлүнүп, Кичи Памир жана Чоң Памирге сапар тартышкан. Учурда жиберилген гуманитардык жардам өз дарегине жетти.