Сурамжылоого катышкан жеке ишкерлердин 60 пайыздан көбү салык инспекторлору салык боюнча укук бузууларды байкаганда акча талап кылбагандыгын айтышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда КРнын Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мекеме студенттердин жардамы менен "Дордой", "Аламүдүн", "Мадина", "Ош базарлары" жана ири дүкөндөрдүн жеке ишкерлеринин арасында коррупция боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. "Сурамжылоого 600дөн ашуун адам катышкан. Аларга салык инспекторлорунун кесиптик жана этикалык жактары боюнча 21 суроо берилген. Анын жыйынтыгында салык кызматында коррупцияны жоюу ийгиликтүү жүрүп жаткандыгы далилденди",- деп билдирет басма сөз кызматы.