Борбор калаада жер тилкесин мыйзамсыз кеңейтип алуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы 25-ноябрда Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан Карагай тар көчөсүн текшерүүдө мыйзамсыз жер тилкесин кеңейтип алуу фактысы катталганы аныкталганын билдирди. 

Маалыматка караганда, Карагай тар көчөсү №19, 21-дарегинин ээсинин атына табылган бузууларды четтетүү жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү берилип, административдик укук бузуу протоколу түзүлдү.

Ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жиберилди. Аталган даректин жашоочулары В.К.Головинский жана С.М.Кимдин атына эскертүү берилип, административдик протокол түзүлдү. Курулган темир тосмо жашоочулардын өз ыктыяры менен алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан