Ош шаардык мэриясы тарабынан Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 318 миң сомду түзүп, 3 оор жүк ташуучу автоунаага тамак-аш азыктары жана курулуш материалдары (кумшекер - 1 тонна, макарон - 2190 килограмм, май - 400 литр, чай - 25 кап, печенье - 167 коробка, кыш - 8000 даана) жүктөлүп, Бишкекке жөнөтүлдү. Белгилүү болгондой, бул 3 унаа Бишкектен кетүүчү гуманитардык жүктөр менен бирге Ысык-Көл жергесине сапар тартмакчы. Гуманитардык жардам шаардык ишканалардын жана жеке ишкерлердин каражатына сатылып алынган.
"Азыркы учурда Көлдүн тургундары жаратылыштын мындай оор кырсыгынан жабыр тартышууда. Мэрия жана Оштун тургундары аз да болсо өз жардамын аябай, ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр”,- деди вице-мэр Жапарбек Ормонов.
Эске салсак, 14-ноябрда Ысык-Көлдө жер титирөө катталган. Эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын көлөмү болжол менен 90 миллион сом деп бааланууда.