Ошто мектеп мугалимдерине коммуналдык төлөмдөр үчүн жеңилдиктер берилди

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин мугалимдеринин жашоо шартына мыкты өбөлгө түзүү максатында эмгек акысынан тышкары коммуналдык төлөмдөр үчүн жергиликтүү бюджеттен жалпы суммасы 4 миллион 741 550 сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул каражат 2014-жылдын 2-жарым жылдыгы үчүн, тактап айтканда, июль айынан декабрь айына чейин берилди. Эске салсак, 2014-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн 4 миллион 516 200 сом бөлүнгөн. 

Белгилей кетсек, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде 3 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан