Бишкектин "Тазалык" ишканасы 25-ноябрда саат 16:00дө унаа жолдорун кардан тазалоо иштерин баштап, саат 7:30га чейин уланганын бүгүн, 26-ноябрда мэрия кабарлады. Бир түндө борбор шаардын көчөлөрүнө 552 тонна кум, 42 тонна туз чачылды. Кум чачуучу 18 техника, 4 жүк жүктөп берүүчү техника, 5 трактор жана 32 жумушчу иштегени айтылды. Кошумчалай кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу кечээ кечинде Бишкектин көпчүлүк аймактарында унаа тыгындары пайда болду.