Бишкек мэриясы Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыркагандарга 670 миң сомдук жардам жөнөткөнү айтылды

Бишкек мэриясы Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыркагандарга 670 миң сомдук гуманитардык жардам жиберди. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда шаар башчысы Кубанычбек Кулматов Ысык-Көл облусуна гуманитардык жардам жеткирүү иш-чарасында билдирди. "Ысык-Көл облусуна 4 унаага жүктөлгөн жардам жиберилди, жалпы салмагы 32 тонна. Мунун ичинде 20 метр куб пенопласт, 10 метр куб жыгач, жылуу кийимдер жана азык-түлүктөр бар",- деди Кулматов.
Бишкекте өтүп жаткан бүгүнкү иш-чарага өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана башка мекеме жетекчилери катышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан