Түштүк Кореяда жүрөк оорусунан жабыркаган 6 кыргызстандык балага акысыз операциялар жасалды

Түштүк Кореянын Инчхон шаарындагы “Гиль” клиникасында жүрөк оорусунан жабыркаган кыргызстандык 6 балага ийгиликтүү операциялар жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, операция 1 жаштан 7 жашка чейинки кыргызстандык балдарга жаңы медициналык технологиялардын жардамы менен акысыз негизде жүргүзүлгөн. 

Операция болгон 5 бала 25-ноябрда Кыргызстанга кайтып келди. Операциялар ийгиликтүү аяктады. Ал эми алардын бири, кошумча оор хирургиялык операция жасалган кыз реабилитация курсу үчүн 2-декабрга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болмокчу” деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү Инчхон шаарынын мэрине, “Гиль” клиникасынын жетекчилигине жана медициналык мекеменин жалпы жамаатына кыргызстандык балдарга жана алардын ата-энелери үчүн көргөн камкордугу үчүн ыраазычылык билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nuru95kg
2014-11-26 13:42:56
Эң жакшы Алла ыраазы болсун
0
Bella-life
2014-11-26 14:03:48
Кореянын медицинасы абдан онуккон!
0
tolkun85
2014-11-26 14:03:57
Алла ыраазы болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан