Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 710 миллион метр кубду түзүүдө

26-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 710 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 28,4 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 166 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 199 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 614 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 662 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 26-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 миллиард 956 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Light
2014-11-26 14:40:51
калкты электр энергиясы менен камсыздоо учун канча болуш керек же болбосо канча колом суу скталыш керектигин да жазып коёсуздарбы?
+1
kuba0506
2014-11-26 20:27:45
Сууну сатсанар ушундай болот да бийликтегилер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан