Бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарындагы №23-мектепте Шаардык билим берүү башкармалыгынын коллегиясы болуп өттү. Башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө калаадагы мектептердин окуу-тарбия иштери боюнча негизги 7 маселе каралып, шаардык билим берүү мекемелериндеги жалпы окуучулардын билим сапатын жогорулатуу багытындагы аракеттердин жүрүшү каралды. Ошондой эле окутуу орус тилинде өткөн мектептерде билим сапатынын абалы жөнүндө маалымат айтылды.
Буга катар мектептердин окуу китептери менен камсыз болуу абалы жана китепкана иш кагаздарынын аткарылышы боюнча, мектептердеги аярлуу (жетим, жарым жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген) окуучуларды окутуудагы маселелер боюнча да кеп козголду.
Коллегия Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси К.Кимсановдун жетекчилиги астында өтүп, ага аталган башкармалыктын кызматкерлери жана мектеп директорлору катышты.