Сириядагы согушта курман болгон кыргызстандыктардын сөөктөрүн жөнөтүүгө ал жерде учурда жүрүп жаткан согуштук аракеттер тоскоол болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда "Кыргызстан өз чек араларын коргой алабы?" деген тегерек столдун жүрүшүндө КРнын УКМКсынын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.Анын айтымында, алдын ала маалыматтарга ылайык, Сирияда 8 кыргызстандык каза тапкан. "Мекендештерибиздин бул мамлекетке жөнөп кетишин көзөмөлдөө оор болууда. Алар окууга же иштөөгө деген ар кандай шылтоолор менен кетишет. Сириядагы согушка 150гө жакын кыргызстандык катышууда".