Кыргызстанга жыл башынан бери чет өлкөлөрдөн 63 миңден ашуун жеңил автоунаа алынып келген

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында Кыргызстанга 63 841 жеңил автоунаа алынып келди. Унааларды алып кирүү боюнча бажылык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2 миллиард 821 миллион сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда КРнын Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Өлкө аймагына алынып келинген жеңил унаалардын 55,7 пайызы, башкача айтканда, 35 611и Япониядан чыгарылган. Литвадан 1852, АКШдан 2694, Араб Эмираттарынан 625, Германиядан 1290, ал эми Орусиядан 133 автоунаа алынып келинген.

Белгилүү болгондой, 2012-жылы өлкө аймагына 68 806 автоунаа киргизилсе, 2013-жылдын 9 ай аралыгында 91 544 унаа алынып келген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан