Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн улам жабыркагандарга чогултулган гуманитардык жардамдар өз даректерине жөнөтүлдү

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун атайын тапшырмасын аткаруу максатында Ысык-Көл облусуна гуманитардык жардам берүү үчүн бүгүн, 26-ноябрда саат 10-11 чамасында 7 жүк ташуучу унаа жөнөп кетти.    

ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдардын курамында 350 өздүк гигиена кутучасы (бир куту 5 адамга же бир үй-бүлөгө ылайыкташтырылган), 600 даана жылуу жууркан бар. Анын жалпы суммасы 816 634 сомду түзүүдө.

Ошондой эле Ош шаардык мэриясы тарабынан, Ош шаарынын элинин атынан уюштурулган тамак-аш азыктары жана курулуш материалдары да ӨКМнын оор жүк ташуучу унааларына жүктөлүп кетирилди. 

Эске салсак, 14-ноябрда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепетинен айрым жарандардын турак жайлары зыянга учураган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан