Нарын облусундагы Кында ашуусу жабылды

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кында ашуусу автоунаалар үчүн жабылды. Муну бүгүн, 26-ноябрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, район акими Жакыпбек Субакожоевдин жарлыгы менен Ат-Башы - Кында - Торугарт унаа жолунун 50-80-чакырымы жабылды. Тийиштүү техникалар жолду тазалоо иштери менен алектенип жатканы айтылды. Мындан тышкары Нарын - Өрүк-Там унаа жолунун Капчыгай тилкесинин 50-70-чакырымы 20-ноябрдан кийинки жылдын апрель айына чейин жабык турат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан