Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна чектөө киргизилип, жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 25-ноябрь күнү кардын көп жаагандыгына байланыштуу Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымынан 130-чакырымына чейин ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын күчөтүү максатында аталган унаа жолуна чектөө киргизилген. Ош облусундагы Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен 26-ноябрдан баштап кечки саат 18:00дөн эртең мененки саат 08:00гө чейин Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу жабылды. Учурда аталган унаа жолду тазалоо үчүн №26-жол тейлөө ишканасынан 3 бульдозер жана 1 жүктөгүч иштеп жатат. Унаа жолдун 45-чакырымынан 75-чакырымына чейин кардан тазаланып бүттү жана жумуш улантылууда.