Ош шаарындагы мектептерде социалдык жактан коргоого муктаж окуучулар мектептеги камкордук кеңеши тарабынан кийим-кечелер жана окуу куралдары менен камсыз болушкан. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон, жардамга муктаж окуучулар үчүн мектептер марафон, акцияларды уюштуруп, чогулган каражаттар материалдык колдоого жумшалган. №53-мектепте окуган аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 6 баласына жергиликтүү жаштар уюму тарабынан материалдык жардам көрсөтүлгөн. №15-мектепте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын арасында “Эң жакшы тартылган сүрөт” сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө мектеп жамаатынын атынан белектер берилди. №40-мектепте 12 аяр мамиле кылынуучу окуучуга башталгыч класстардан ашкан азыктарды таратып берүүгө буйрук чыккан.