Ысык-Көлдө “Биз түтүнү жок аймакпыз” аталышындагы акция өтөт

Ысык-Көл облусунда “Биз түтүнү жок аймакпыз” деген акцияны жарыялоо пландаштырылууда. Мындай чечим облус аймагында Кыргыз-фин долбоорунун алкагында болуп өткөн жыйында кабыл алынганын бүгүн, 26-ноябрда облустун басма сөз кызматы билдирди. Аталган тегерек стол өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө болуп, ага аймактагы айылдык ден соолук комитеттери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, айыл аймак башчылары жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Рита Борбукеева катышты.

Кыргыз-фин долбоору аркылуу айылдык Ден соолук комитеттерине “Смокелайзер” деген аппараттар берилген, ошол аппараттар аркылуу тамеки чеккен адамдардын канынын курамындагы уу заттардын көлөмүн аныктап, түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүгө көмөк көрсөтмөкчү. Мындан сырткары тамеки чегүүнүн ден соолукка зыяндуулугу тууралуу калк арасына кеңири маалымат таркатуу максатында атайын видеотасмалар көрсөтүлмөкчү. Кыргыз-фин долбоорунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда тамеки чегүүнүн жайылышы эркектер арасында 28 пайыз, ал эми аялдар арасында 0,68 пайызды түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан