Ошто дааватчылардын билим деңгээлин көтөрүү максатында 1 айлык курстар ачылат

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы чечимин аткаруу максатында Ош облусундагы дааватка чыгуучу жарандардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча атайын сабактар уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ош облусунун жана Ош шаарынын дааватка чыгуучу жарандарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында Ош шаардык казыятынын карамагындагы "Аль-Бухари" мечитинде 30 күндүк даават курсу ачылат. 

Маалым болгондой, иш-чара КМДБнын үгүт-насаат бөлүмү жана Ош шаардык казыятынын үгүт-насаат бөлүмү менен биргеликте уюштурулууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан