Орусиянын борбору Москва шаарында жана Москва облусунда мигранттарга жумушка орношууга уруксат берүүчү кагаздын (патент) баасы айына 1,3 миң рублдан 4 миң рублга чейин жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Москва шаардык думасы мигранттарга патенттин баасын жогорулатуу боюнча тиешелүү мыйзамды бекитти. "Эгер шаарда экономикалык кырдаал төмөндөп баратса, Москва өз алдынча патенттин баасын өзгөртүү же патентти берүүгө тыюу салуу укугун алган. 2015-жылдын 1-январынан тарта Орусияда патент тууралуу мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, эмгек мигранты орусиялык визаны алууга милдеттендирилбей, жумушка уруксат берген кагазды сатып ала алат",- деп жазышат басылмалар.
Мындан тышкары жылдын башынан бери Москвада 700 миңден ашуун патент сатылгандыгы белгилүү болду. Жаңы патенттер алгачкы жылы эле Москванын бюджетине 12 миллиард рубль алып келери күтүлүүдө.