Ош шаарында декабрь айынын аягында мэрдин балы өтөт. Анын алкагында активдүү жаштарга “Жылдын жаш адамы” наамдары ыйгарылып, акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программа сунушталмакчы.