Кыргызстанда балдарды бала бакчага электрондук кезек жолу
менен кабыл алуу тутуму жайылтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым
болгондой, аталган тутум билим берүү жана илим тармагындагы коррупциялык иштерден ажыратуу максатында ишке
киргизилүүдө. Ага ылайык, министрдин
буйругу менен сайт аркылуу ачык жеткиликтүүлүк менен балдарды мектепке чейинки
билим берүү мекемелерине электрондук кат жазуунун негизинде кабыл алуу тутуму
жайылтылат.
Бүгүнкү күндө Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда сыноо тартибинде мектепке
чейинки билим берүү мекемелеринде электрондук кезек жайылтылууда. Эгер бул систем толук кандуу ишке киргизилсе,
мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги кабыл алуу чөйрөсү
ачык-айкындуулук менен камсыздалмакчы.
Төмөндө
көрсөтүлгөн электрондук даректер аркылуу жарандар кезектерди карап алса болот:
Бишкек шаары: edubishkek.кg
Ош шаары: oshbilim.kgЖалал-Абад шаары: bbb.jalal-abad.kg