Бишкек
шаарынын айрым жерлеринде 1-2-декабрь күндөрү жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу
бүгүн, 1-декабрда "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматынан
билдиришти.
Маалым болгондой,
аталган күндөрү Дэн Сяопин, Интергельпо, Кең-Суу жана Казаков көчөлөрү курчаган
аймакта газ болбойт. Газ берүү тийиштүү жабдууларды тез арада оңдоо иштерине
байланыштуу чектелүүдө.